Салам, достор!
📢Жаңы сезондун жаңы жолугушуулары демекчи, сиздерди 11-сентябрь, Жекшемби күнү кезектеги жолугушууга чакырабыз.
🔥Бизде мейманда жарандык активист, Кыргызстандын SMM дүйнөсүнүн белгилүү ысмы, Digital Marketing тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ, саясий партиялардын үгүттөө процесстери боюнча адиси —Темирлан Аскеров болмокчу.
👉🏻Жолугушууда SMM-matrix эмне, соц.тармактагы жарнама, Digital Marketing түшүнүгү, SMM жана фриланс, Кыргызстанда SMMдин өнүгүшү, SММ адиси болуу үчүн кандай билимдер талап кылынат жана эмнелерге маани берүү керек, ошондой эле коногубуз бул тармакта басып өткөн жолу жана кандай кызыктуу долбоорлордо иштегени жөнүндө айтып бермекчи.
🤩Анда эмесе, келиңиздер, SMM дүйнөсү менен таанышып, кызыккан суроолоруңузга жооп алып кетиңиздер.
🗓11-сентябрь, Жекшемби, 21:00 (Бишкек убактысы менен)
Responses