Ассалоому алейкум урматтуу окурманым

Кыргызча Flutter 14

Бизде кийинки группага кабыл алуу жүрүп жатат, азыркы учурда орундар жетиштүү бар, катталып жетишип калыңыздар.

Урматтуу окурманым, анда сиздерге курстарыбыз жана өзүбүз тууралуу кыскача маалымат жаза кетейин

App IT Company – азыркы учурда мобилдик колдонмолорду өлкөбүздөн жана чет өлкөдөн заказдарды алып иштейт. Учурда компаниябыз тарабынан 2 тиркеме ийгиликтүү иштелип чыкты жана Орусиядан үчүнчү колдонмону алып иштеп жаткан учуру.

Учурда компаниябызда 8 программист тиркемелерди иштеп чыгуу менен иштеп жатышат

жана ошондой эле 8 ментор биздин курстарда окуп жаткан катышуучуларга билим берүү менен алек болуп жатышат.

Курс бизде жалпы 6 ай окутулат

Бул 6 ай аралыгында iOS жана Android телефондорго мобилдик колдонмо жасоону үйрөнүп чыгабыз

Курс он-лайн окутулат

Жумасына 5 күн 2 сааттан сабак, 2 күн теориялык сабак, бул сабактар запись болуп сакталат, 3 күн практикалык сабак, бул сабактар запись кылынбайт.

Бизде сабактар он-лайн жана Зум аркылуу өтүлөт

Он-лайн окуунун абдан көп артыкчылыктары бар. Курска барап деп атайын убакыт коротпойсуз, жол жүрбөйсүз, шаардан айылга, же айылдан шаарга барбайсыз, же башка өлкөдөн атайын Кыргызстанга келбейсиз, азыр кайда болсоңуз ошол жерден, азыр кандай иш кылып жатсаңыз ишиңизди токтотпой, курс үчүн системаңызды бузбай туруп, окууну алып кетсеңиз болот.

Англис тилин же орус тилин билбесеңиз деле окуп баштасаңыз болот.

Бирок бул дегеним англис тилинин такыр кереги жок экен дегендик эмес, окуу учурунда 6 айда англис тилин окуп үйрөнүп алсаңыз болот.

90%

Курсту аяктап иштеп жаткан катышуучулардын 90 пайыздан ашыгы чет өлкөлөрдө иштеп жатышат. Швейцарияда, Түркияда, Тайванда, Орусияда жана Бишкек шаарыбызда иштеп жатышат.

100%

Көпчүлүк учурда өлкөбүздөн жумуш таап иштеп, анан тажрыйба топтоп алып чет өлкөдөн жумуш таап кетем деп ойлошот, чынында тескерисинче чет өлкөдөн жумуш табуу оңой жана айлык маяналары дагы абдан жакшы. Бизде тамашалап көп айтам, 30 жылдык тажрыйбасы бар, 20 жаштагы адистерди издейбиз дегендей эле акылга сыйбаган талаптар менен кабыл алышат, ошондуктан бизден жумуш табуу чынында абдан оор, табылса дагы сизди ишке албай, көңүлүңүздү такыр түшүрүп, АйТи жаатын таштап кетишиңизге түртөт.

“Акыркы дагы бир жаңылык курстун төлөмүн толук 6 айга төлөсөңүз абдан сонун жеңилдик карап жатабыз жана май айында катталып жетишип калсаңыз дагы жеңилдик кылынат!”

Сабактардан тышкары, ар жуманын ишемби күнү ачык АйТи жолугушуу өтүп турат, бул жолугушууга ар кандай адамдар келип маек куруп беришет.

Өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөр

Биздин команда

Турат Алыбаев

CEO, Director

Элиза Абдиева

Project Manager

Эрнист Акунжанов

Mentor

Гүлжигит Талантбеков

Mentor

Сыймык Абдыбеков

Mentor

Нурдөөлөт Рысбаев

Backend Developer

Биздин достор

Суроо - Жооп

Flutter деген эмне?

Жооп

Flutter - бул мобилдик колдонмолорду, тиркемелерди иштеп чыгуу үчүн колдонулган, кроссплатформалуу фреймворк. Азыркы учурда iOS жана Android cистемалары үчүн бирдей код менен колдонмо иштеп чыгуу үчүн колдонулган эң популярдуу платформа десек жаңылышпайбыз.

Он-лайн окусам түшүнбөй калбаймбы?

Жооп

Он-лайн окусам түшүнбөй калбаймбы? Жооп Бизде сабактар негизинен он-лайн окутулат. Сабактар зум аркылуу өтүлүп, запись болуп сакталат, ал сабактарды каалаган учурда, калагандай кайталап көрө аласыз. Ошондуктан оф-лайн окуганга караганда он-лайн окууну көбүрөөк сунуштайбыз. Дагы бир себеп, он-лайн окуганда ашыкча энергия кетпейт, жол жүрбөйсүз, концентрация бузбайсыз. Каякта болсоңуз, ошол жактан окуй бересиз.

Flutter'ди окуп ким болуп чыгам?

Жооп

Flutter'ди окуп, мобилдик колдонмо иштеп чыгуучу програмчы болуп чыгасыз. Азыркы учурда интернет колдонуучулардын 97 пайызы телефон аркылуу интернет колдонот, демек алар үчүн ар кандай колдонмолорду (приложениелерди) иштеп чыгуучу програмчыларга муктаждык абдан чоң.

Кыргызстандан жумуш табылабы?

Жооп

Негизи бул тармакта өлкөбүздө деле абдан көп иш орундары бар, бирок биздин компания чет өлкөдөн жумуш табууну сунуштайбыз. Мунун биринчи себеби эмгек акысы жакшы төлөнөт, экинчи себеби биздин өлкөдө иштеп баштагандан көрө, чет өлкөдө иштеп баштоо, жаңы башталгыч програмчылар үчүн кыйла оңой болуп саналат.

Англис тилин билүү шартпы?

Жооп

Курсту окуу үчүн негизги шарт эмес. Бирок билсеңиз сиз үчүн жакшы. Эгер англис тилин билбей туруп окуп баштай турган болсоңуз, окууну аяктаганга чейин сөзсүз англис тилин дагы кошумча үйрөнүшүңүз керек, себеби жогоруда айтылгандай жумушту чет өлкөдөн тапкан жеңилирээк жана иштегенге дагы ыңгайлуураак.

Ийгиликке карай жол

Урматтуу окурманым, келиңиз, окуйлу, өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө бирге салым кошолу.

Кыргызча Flutter 14

Flutter 14