Skip to content Skip to footer

Фонд

«Чөйрөнүн» алкагында жалпы кыргыз коомчулугуна арналган экология, психология, көз карандысыз медиа, кыргызча подкаст, алгачкы кыргыз тилдүү веб-студия, IT боюнча биринчи кыргызча суроо-жооп порталы, дизайн, фриланс биржа, билим берүү, демилге көтөрүү жана кызматташуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иш-чаралар замандын талаптаптарына жооп берген керектүү, пайдалуу, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымын кошкон потенциалы чоң демилгелер деп ишенебиз. 

Алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырууга, долбоорлордун үстүндө иш алып баруу, процесстерди үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн сиздин колдооңузду ыраазычылык менен кабыл алабыз. Дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган кыргызстандыктардын башын бириктирген бул демилгелерди сиз дагы каражат которуп колдой аласыз. 

Ар бир колдоо биз үчүн маанилүү. Жасаган ар бир ишибиздин аркасында талыкпас эмгек, заманбап билим, биримдик, жаңы бийиктиктерге умтулуу, Мекенге болгон сүйүү, креативдүүлүк, жоопкеркерчиликтүүлүк жатат.