






Кантип катталуу керек?
Бул IT онлайн-курс Чөйрө платформасынын ичинде иштейт.
- 1. Чөйрөгө катталыңыз
- 2. IT Демилге группасына кошулуңуз
- 3. Биринчи айдын акысын которуңуз
- 4. Онлайн-курска доступ алыңыз
Үч айлык IT (Soft Skills + Hard Skills) онлайн-курс. Үйрөнгөндү үйрөнөбүз, пландоо жана дисциплина, кыялдануу жана алдыга максаттарды коюу, идеяны ишке ашыруу, сайт жасоо, SMM жана соц. тармактарда иштөө, бренд түзүү жана иштерди бүтүрүү.
Айына 10 000 сом/рубль же 100 $/€
Сизге ыңгайлуу болгон жол менен төлөп, чекти мага телеграм аркылуу жөнөтүңүз.
Телеграм аркылуу байланышуу: @azamatagai
Үч айдын ичинде, биз жума сайын жаңы кызыктуу тема менен таанышып, тапшырмаларды алып, аны өз алдынча аткарабыз жана бирге текшеребиз.
Айына 10 000 сом/рубль же 100 $/€
Коммуникация көндүмдөрү
Өзүн-өзү уюштуруу жөндөмдөрү
Креативдүүлүк жөндөмдөр
Маалымат менен иштөө
Стресске чыдамдуулук
Уюштуруу жөндөмдүүлүгү
Web Design - идеяны ишке ашырганга интернет үчүн дизайн жасоо
Web Development - колдонуучулар үчүн сайт жасоо
Project Managment - команда болсо, аны башкаруу жана бирге иштөө
SMM - соц. тармактарда аккаунт ачуу жана аны жүргүзүү
Branding - жеке же иш бренд түзүү, аны өнүктүрүү
Ойлогон ой-максаттарды изилдөө жана аныктоо
Идеялардын негизинде максаттарды түзүү
Идеяларды ишке ашыруу
Текшерүү жана аудитория менен иштөө
Таштап салбай, кайрадан жаңылануу
Сизге ыңгайлуу болгон жол менен төлөп, чекти мага телеграм аркылуу жөнөтүңүз.
Телеграм аркылуу байланышуу: @azamatagai
Саламатсыздарбы мекендештер, менин атым Азамат Токтакунов. Демилге IT үч айлык онлайн курсунун негизги мугалими. IT жаатында 15-жылдык тажрыйбам бар, Германияда жашайм. Мен чөйрөчү, IT-адис, социалдык ишкер, подкастер, блоггер, активист жана контентчи.
Бул онлайн-курста, сиздин жеке ой-максаттарыңызды изилдеп, идеялардын негизинде жаңы продукт иштеп чыгуу менен бирге, IT жаатында Soft Skills жана Hard Skills үйрөнө аласыз. Сиз үйрөнгөн жөндөмдөрдүн негизинде, санарип чечимдерди иштеп чыгып, жашооңуздун сапатын көтөрүүгө даяр болосуз.
Бул IT онлайн-курс Чөйрө платформасынын ичинде иштейт.
Саламатсыздарбы, мен чынында агайдын сабактарын, жана кол астында коптогон акыл насааттарын кайра, кайрадан угуп, окугум келет, эмнеге дегенде биз ошол жолдон окуп отуп азыркы учурда иштеп жана тажрыйбаларды алгандыктан абдан сапаттуу жана татыктуу деп айтып кетет элем. Азамат агай сизге менден коптогон ыраазылыктар. Рахмат!
— Айзада Султангазиева
- Chyrak SMM Agency, SMM-менеджер
Азамат агайдын курсун кызыгуу менен окуйбуз. Агай тажырыйбасы менен бөлүшүп жатканы биз үчүн баа жеткис. Тактыкты жана жыйынтык болуусун агай мыкты үйрөтөт 🤗🤗🤗
— Үмүт Мелисовна
- Тил Бил долбоорунун менеджери
Сизге ыңгайлуу болгон жол менен төлөп, чекти мага телеграм аркылуу жөнөтүңүз.
Телеграм аркылуу байланышуу: @azamatagai
Анда бул IT Демилге онлайн курсуна жазылып, жөндөмдөрдү үйрөнүп, жаңы санарип чечимдерди жасаңыз!
Ооба, үстүртөн карап өтөбүз, негизги бүт болгон маалымат интернетте бекер эле бар, илгертен бери, бирок канча деген адам аны колдонбойт, эмне үчүн?
Курстун идеясы, өзүңдү колуңа алып, ошол маалыматтарды колдонуп, бир нерсе жасап көрүү.
Мен болсо, өзүмдүн билген тажрыйбам менен бөлүшөм, кантип колдонобуз маалыматтарды, качан, кайсыл убакытта эмнелерди кылыш керек.
Тапшырмаларды берем, результаттарды текшерем.
Теорияда, силер келип, өзүңөрдү тааныштырып, идеяңарды айтып, анан ошону ишке ашырасыңар.
Негизи Чөйрө ошон үчүн жаралган, бирок көбү мени күтүп отурушат, качан келип, үйрөтүп берет деп, личкага жазып. Эми чегинип, бир курс өткөрүп көрөйүн деп атам, канча киши кызыгып, өтөт болду экен деп. Анан ошол курска адам акча төлөй алабы? Болбосо, Чырак менен Келечек деле бекер жасадык =)
Please confirm you want to block this member.
You will no longer be able to:
Please note: This action will also remove this member from your connections and send a report to the site admin. Please allow a few minutes for this process to complete.