Skip to content Skip to footer
КолдонуучуСуроо-жоопЖаратманЭксперт болуңузДемөөрчүКолдоңузShare

Колдонуучу

ITJoop суроо жооп порталы сиздин кыйынчылык жараткан суроолоруңузга атайын платформанын негизинде туура,так жана тез аранын ичинде ар тараптуу жооп алууга мүмкүнчүлүк берет. Суроо жооп порталынын негизги максаты кыргыз тилин IT тармагында жайылтуу болгондуктан кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

Сиз ITJoop порталы аркылуу өзүңүзгө керектүү туура жана так жооп аласыз экинчиден ушул эле платформа аркылуу башка адамдардын кыйынчылык жараткан суроолоруна өзүңүздүн жообуңузду жана оюңузду жазып башка колдонуучуларга жардам бере аласыз.

Жаратман

Эгерде сизде кандайдыр бир сунуш болсо, же ITJoop сайтына салымымды кошом десеңиз биздин телеграм каналыбызга кошулуңуз. Биз ITJoop жаратмандары натыйжа жагынан айырмачылыкты жараткан көп профессионалдуу ар кыл адамдарбыз. 

Ошондой эле катарыбызда командалык иштөөгө, берилгендике жана өнүгүүгө жана ийгилике биргеликте үндөгөн чөйрө жаратмандарын IT дүйнөсүн өнүктүрүүгө чакырабыз. Эгер сиз IT дүйнөсүнө саякаттоону кааласаңыз жана өзнүнүзгө окшогон кесиптештер менен баарлашууну жакшы көрсөңүз, анда сиз үчүн мүмкүнчүлүктөр бар – биздин IT Joop командасына кош келиниз.

Демөөрчү

ITJoop долбоору – бул кыргыз тилдүү IT тармагын жана ошондой эле IT билим деңгээлин өнүктүрүүгө багытталган!  

Эгерде сиз IT тармагын Интернет желесинде кыргыз тилдүү суроо жооп контентин өнүктүрүүгө кызыкдар болсоңуз анда сизди демөөрчүлүккө чакырабыз.

Биздин команда

Аксайбек уулу Өмүрбек 
Германия

Таазим Дегенбаева
Кыргызстан

Эльнура Саркөбөнова
Бельгия

Анара Акимканова
БАЭ

Максат Асанбеков
Швейцария

Эльзада Шадыбекова
Бельгия

Жанат Кылычев
БАЭ

Сауле Кубанычбекова
БАЭ