Skip to content Skip to footer
КолдонуучуШыктаныңызЖаратманКошулуңузБуюртмаkutucha.designShare

Колдонуучу

Кутуча Кыргызстандагы кооз сайттардын тизмесин, веб-дизайн боюнча вики-сөздүктү жана бул тармакка тиешелүү пайдалуу кеңештерди камтыйт. Эң башкы максатыбыз дизайн тармагына кызыккандарды шыктандыруу жана пайдалуу кеңештер менен бөлүшүү. Ошондой эле кыргыз тилдүү колдонуучулар арасында кооз веб-дизайн түзүнүү көрсөтүү жана өнүктүрүү.

Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар,
Кутучанын ичинен ал “Кундузду” кармап ал.
Кооз дуйнөгө баш багып, Веб дизайнер наамын ал!

Жаратман

Сиз веб-дизайнга кызыгасызбы? Бул багытта өнүккүңүз келеби? Анда телеграм/инстаграм баракчабызга жазылыңыз.

Эгер команданын мүчөсү болууну кааласаңыз, биздин телеграм каналдын админдерине кайрылыңыз.

Андан сырткары пикириңизди жана каалооңузду калтырсаңыз болот. Эгерде кандайдыр бир идеялар болсо, же биздин жумушубузда кайсы бир катачылыктарды байкасаңыз, анда бизге бул тууралуу кайрылуудан тартынбаңыз. Бизди өнүктүрө турган ар кандай пикир, сунуштарыңызды жолдосоңуз болот!

Талантыңды дүйнөгө көрсөт! Дизайн дүйнөсүнө биз менен кадам ташта!

Демөөрчү

Уникалдуу, кыргыз тилдүү проекттин өсүшүнө салым кошкуңуз келеби?

Анда биз менен байланышыңыз.

Графикалык дизайн (логотип, постер, флайер), ui/ux дизайн, веб дизайн жана редизайн боюнча буюртмаларды кабыл алабыз.