Skip to content Skip to footer
КолдонуучуОкуңузЖаратманКошулуңузДемөөрчүЖардамдашыңызShare

Колдонуучу

«BIZ e.V» фонду руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жалпы кызыкчылыктардын жана максаттардын негизинде түзүлгөн ыктыярдуу коомдук бирикме. Ал Германиядагы дарыгер Асел Сайраан-Дамир, юрист-антрополог Махабат Садырбек, офис менежер Данияр Матикан сыяктуу активисттер тарабынан негизделген жана Майндагы Франкфурт шаарында каттоодон өткөн. «BIZ e.V» билим берүү, демилге көтөрүү жана кызматташуу деп аты айтып тургандай билим берүүнү жакшыртууну, саламаттыкты сактоо тармагындагы демилгелерди колдоону жана Германия менен Кыргызстандын ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташууга көмөк көрсөтүүнү максат кылат.

Жаратман

«BIZ e.V» фонду демилгечил, тилектеш жана билимдүү адамдарды «биз» деген түшүнүктүн астында бириктирүүгө аракет кылып келет. Бул контексте уюм мекенибизге пайда алып келген бардык адамдарга жана уюмдун башкы максаттарына дал келген ар түрлүү демилгелерге, идеяларга жана долбоорлорго ачык. БИЗдин бардык каналдары жана мүмкүнчүлүктөрү менен ар бир идея ийгиликтүү ишке аша алат!

Демөөрчү

«BIZ e.V» фонду Германиядагы кыргызстандыктар үчүн бир катар ментордук программаларды, Кыргызстандагы мекендештер үчүн чакан жана кыска мөөнөттүк жайкы мектеп, программалоо же тил курстары сыяктуу долбоорлорду жана оор кырдаалдарда финансылык жардам акцияларын ишке ашырат. Эгер силер бизди колдоого кызыкдар болсоңор, анда биз абдан кубанычта болобуз, анткени бизге бардык түрдө жардам керек. Маселен, спонсорлук салым, мүчөлүк акы жана үзгүлтүксүз каражат которуу аркылуу силер биздин ар кандай иш-аракеттерибизге салым кошо аласыңар. «BIZ e.V» фондунда патреон дагы бар, БИЗге патрон болуу менен дагы биздин долбоорлорду колдогула.

BIZ уюмунун эсеп дареги:


Банк: Volksbank
Эсеп ээси: BIZ e.V.
IBAN: DE45 5139 0000 0072 5507 06
BIC: VBMHDE5F