Чөйрөнүн идеясы
ЧӨЙРӨ – ар кандай адамдар, ой-пикирлер жана идеялар жолугушкан жер. Демек бул жерде идеялары бар адамдар бири-бири менен табышып, таанышып жана пикир алмашышат. Чөйрө алардын кыялдарын биргеликте ишке ашыруусуна көмөк көрсөтөт жана өбөлгө түзөт.
ЧӨЙРӨ – потенциалы зор жаңы онлайн платформа. Анткени ар тармактагы адистер, ар кандай ардактуу кесиптин ээлери, эксперттер жана идеалист инсандар замандын талабына ылайык жаңы компанияларды негиздөөдө, продуктыларды өндүрүүдө жана кызматтарды пайда кылууда өнөктөштөрдү табуу үчүн бул жерге келишет. Андан тышкары алар адамдарга зарылчылыгы бар, керектүү жана пайдалуу стратегияларды, методдорду жана аспаптарды жаратууда бири-бирине колдон келишинче жардам берүү ниетинде чогулушат.
ЧӨЙРӨ – жакшы ниеттердин, баалуулуктардын жана принциптердин уюгу. Анткени бул уюмдун азыркы жана келечектеги мүчөлөрүнүн максаты – идеяларды биргеликте реалдаштырууда бири-бири менен адистик жана ачык мүнөздөгү жардам берүү салтын, жогорку деңгээлдеги ишкерлик мамилесин жана жаратмандыктын маданиятын түптөө; андан тышкары бири-бирин шыктандыруу, бири-биринин потенциалын ачуу, аларды жогорулатуу, ошону менен бирге өсүп-өнүгүү.
ЧӨЙРӨ – бул биздин максаттарыбызды, каалоо-тилектерибизди жана визиондорубузду (элесибиздеги жагымдуу жагдайды) чогулткан, бириктирген жана бири-бирине байланыштырган борбор. Анын алкагында биз чогуу көптөгөн бийиктиктерди багынта алабыз, заманыбыздын олуттуу көйгөйлөрүнө жапа тырмак жооп кайтарганга аракет кылабыз жана кыйынчылыктардан ымтымакта жана биримдикте өтө алабыз.
Чөйрөнүн принциптери
Бул чөйрөдө биз жаратабыз, анткени биз жаратканды жана жаратмандыкты жакшы көрөбүз. Биз ойлоп табабыз, пайда кылабыз жана жасайбыз. Ал гана эмес, биз эмнелерди жакшырта алсак, ошол нерселерди жакшыртабыз, оңдоп-түзөйбүз жана өнүктүрөбүз.
БИЗ АКТИВДҮҮБҮЗБиз бирөө бизге иш берип, тапшырма бөлүштүрөт деп күтпөйбүз. Өз демилгебиз менен өзүбүзгө өзүбүз иш жаратып, аны аткарууда өз алдынча жөндөмдөрүбүзгө жараша жана мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карата орундарды ээлейбиз. Биз үчүн статус жана акча каражаты жаратуунун жаңы мүмкүнчүктөрүн ачкан, маанилүү ресурстар.
БИЗ ЖАРДАМДАШАБЫЗЧөйрөгө жаңы кошулган адам менен жаңы таанышканда же жаңы идеяларды укканда биздин бере турган биринчи сурообуз: «Сизге (же сага) кантип жардам берсем болот?». Биз жардамга жардамды айырбаштабайбыз, ага жооп катары бирдеме үмтөтпөйбүз, эмгек акы күтпөйбүз же башка нерселерди талап кылбайбыз. Биз жөн гана дүйнөдө көп жакшы нерселер жаралсын, болсун жана орундалсын үчүн чын дилибизден өз ыктыярыбыз менен жардам беребиз.
БИЗ ИШЕНЕБИЗБиз жаратууга, жардам берүүгө, маанилүү иштерди жасоого кызыктарбыз. Алдоо, шектенүү жана текшерүү менен алектенгидей убактыбыз жок. Ошондуктан чөйрөгө келгендер ак ниеттүү экенине, чөйрөнүн идеясын жана философиясын түшүнүп, анын принциптерин кабыл алып, эрежелерине таянаарына чын дилибизден ишенебиз.
БИЗ БӨЛҮШӨБҮЗБиз идеяларыбыз жана тажрыйбаларыбыз менен ачык эле бөлүшөбүз. Биз баскан жолубуздун жакшы, пайдалуу жана жеңил гана жактарын айта бербейбиз, анткени биз кызыксыз, ийгиликсиз жана жөндөмсүз көрүнүүдөн коркпойбуз. Конструктивдүү сынды ар дайым туура кабыл алабыз жана иштерибизди жакшыртууда колдонобуз.
БИЗ ТЕҢБИЗБул чөйрөдө улуу-кичүү, кары-жаш, аял-эркек деген, социалдык статуска, адистикке жана илимий даражага байланыштуу же чөйрөгө мурун-кийин кошулгандардына карата айырма болбойт. Биз баарыбыз бирдейбиз жана теңбиз. Бири-бирибизге кыйындыгыбызды далилдеп же күч сынашып отурууга зарылчылдыгыбыз жок. Илим-билимибиз, акча-каражатыбыз биздин идентификациябыз эмес, алар биздин жаратууга пайдалуу жана керектүү гана ресурстарыбыз.
Чөйрө курабыз
Ыңгайлуу мүчөлүк тандаңыз
Сизге туура келген мүчөлүк түрүн тандап, Чөйрөгө катышсаңыз болот.
Демөөрчү
Чөйрө барган сайын жаңы кошулган чөйрөчүлөр менен биргеликте алдыга умтулат, чоңоёт, жаңыланат, жаратат, өнүгөт.
Сиз дагы чөйрөчүлөрдүн катарына демөөрчү катары кошулуп, жаратмандык атмосферада Чөйрөнүн потенциалын дагы да кеңейтип, жаңы бийиктиктерди багынтууга өбөлгө түзүүдө кол кабыш кылам десеңиз, анда биз менен байланышып, идеяларыңызды иш жүзүнө ашырсаңыз болот.
Чөйрө чечет! Чөйрө Кыргызстандык IT-никтерди чогултуп, чоң иштерди чогу жасап, Кыргызстандын кесипкой адистеринин башын бириктирген маанилүү, пайдалуу жана берекелүү платформа👌
Анара Акимканова
Чөйрө – IT коммьюнити! Дүйнөлүк интернет айдыңындагы аракетчил, кесипкөй адистердин башын бириктирген заманбап платформа. Бул жерде кыялдар орундалып, тилектер бириккен Айти Майдан.
Айбек Шергазы
Чөйрө сиз эңсеген платформа! Бул жерде сиз менен пикирлеш жамаатты таба аласыз. Жана өзүн-өзү өнүктүрүү, IT – тармагына биринчи кадамыңызды таштай аласыз. Ааламга жол элеттен башталса, ITге карай жол Чөйрөдөн башталат😊
Айжамал Самибаева
“Чөйрө” – аракетчил, мыкты адамдардын чөйрөсү! Чөйрөдө ар тараптуу, таланттуу дилгир адамдар биригип максаттарын бирге ишке ашыра алышат. Көз карашыңдын, жашооңдун жакшы жагына өзгөрүшүнө өбөлгө боло алат.
Каухар Тайиева
«Адамдын кандай экендигин анын чөйрөсү тастыктайт» – демекчи, мында жаратман жана лидердик сапаттары бар инсандар менен баарлашып, аралашуу, мени дагы алдыга сүйрөп, бийик максаттарды көздөөгө өбөлгө болгон жер.
Азамат Жаманкулов
Чөйрө платформасы бул өнүгүү борбору, долбоорлодуу ишке ашыруу жана жашооңду өзгөртүүчү жер.