Skip to content Skip to footer
ЖаратманЖардамдашыңызДемөөрчүКолдоңузShare

Колдонуучу

Форум “Мекендештер” дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган кыргызстандыктардын, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүн, IT-кызматкерлерин, бейөкмөт уюмдарды, эркин журналисттерди, блогерлерди, ошондой эле Кыргызстандын маданият жана билим берүү тармагына салым кошкон мекендештерди жолугушууга чакырат. Бул форум Кыргызстандын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаган замандаштар менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачат. Жолугушуу 2022 -жылдын 12- 14 июлунда Швейцарияда өтөт.

Жаратман

“Мекендештер” форуму жаратман жана чыгармачыл инсандардын өсүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жолугушуунун даярдыктарына катышып, салым кошом деген жаратмандарды кызматташууга чакырабыз.

Демөөрчү

“Мекендештер” Форуму чет элдик диаспоралар жана Кыргызстандагы активисттер үчүн маанилүү жолугушуу. Эл аралык форумда келечекке карай өнүгүүнү аныктаган катышуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары бекитилет. Демөөрчүлөрдү жана инвесторлорду кызматташууга чакырабыз. Суроолор боюнча биз менен байланышыңыз.