Кадам

Автордук онлайн-курс

Кадам сайын максатка жетүүнү үйрөн

Адам узак жолду ар бир кадам менен арытат. Анын сыңарындай алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн адамга арышка окшош адат керек.

Качан
Каалаган убакытта
Формат
Онлайн сабактар

Курс жөнүндө

Мен бул курста силерге азыркы дүйнөдө керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берем. Силерге эффективдүү окууну, алган билимди иш жүзүндө колдонууну, иш-аракеттерди пландаштырууну жана күнүмдүк жашоону тартипке салууну үйрөтөм.

Өзгөрүүгө жараша өнүк

Заман болуп көрбөгөндөй темп менен өзгөрүүдө, аны менен бирге ар кандай тармактарда иш берүүчүлөрдүн талаптары да өзгөрүүдө: туруктуулук, ийкемдүүлүк, чыгармачыл ой жүгүртүү жана эмпатия көндүмдөрү биринчи планга чыгууда. Тажрыйбалуу адис катары бул чөйрөгө киргенге  колдоо көрсөтөм. 

Бул курс кимдер үчүн?

Үйрөнчүктөр

Санарип жана IT тармагында дароо көрүнүктүү натыйжаларга жетишип, кесипке туура кирүүнү каалагандар.

Адистер

Өнүгүүнүн маанилүүлүгүн түшүнгөн жана өндүрүмдүүлүгүн, жумуштун сапатын жана кардарлардын санын жогорулатууну каалаган адистер.

Ишкерлер

Максаттарды туура коюуну, команда үчүн тапшырмаларды пландаштырууну, долбоорлорду санариптештирүүнү жана убактысын туура бөлүштүрүүнү каалагандар.

Студенттер

Келечектеги иш берүүчүлөр көңүл бура турган негизги  жөндөмдөрүн өнүктүрүү, аны менен бирге тажрыйба топтоп, резюмесин толуктагысы келгендер.

Фрилансерлер

Ким өз убактысын башкарууну, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну, тезирээк чечим кабыл алууну, тапшырмаларды натыйжалуу бүтүрүүнү жана келишимдерди түзүүнү каалагандар.

Жетекчилер

Ийгиликтин негизги көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу компанияда өзүнүн баалуулугун, натыйжасын  жана жоопкерчилигин жогорулатуунун каалагандар.

Жумуш жана долбоор

Бул курста силерге код жазууну эмес, IT ааламында ориентация алууну, өз жөндөмүңөргө жараша долбоор жаратууну, идеяңарды ийгиликтүү жана кирешелүү ишке ашырууну үйрөнөсүңөр. Бул контекстте мен силерди кыска убакыттын ичинде жаңы технологиялар, өзгөчө аспаптар жана эң көп суралган жөндөмдөр менен тааныштырам. 

Программа

Менин курсум өз алдынча окууга артыкчылык берет. Ошондуктан курсума жазылгандар алгач төмөндөгү онлайн-сабактарды өз алдынча өздөштүрүүсү зарыл. Андан соң долбоорлорго катышууга же өз алдынча иш жаратууга мүмкүнчүлүк берилет.

  • Кантип үйрөнүү керек?
  • Критикалык ой жүгүртүү
  • Эмоциялык күйүп кетүү
  • Өзүн-өзү уюштуруу жөндөмдөрү
  • Креативдүүлүк жөндөмдөр
  • Стресске чыдамдуулук
  • Уюштуруу жөндөмдөрү
  • Идеяны текшерүү жана аудитория менен иштөө
  • Идеяны ишке ашыруу
  • Команда чогултуу
  • Жумуш издөө
  • Фриланс
  • Жеке бренд түзүү
  • Аудитория менен иштөө
  • GTD иштерди бүтүрүү
  • Подкаст
  • Питчинг
  • ITдеги тартип
  • Кайдзен пландаштыруу
  • Agile методологиясы
  • Элдин алдында сүйлөө

Курстун баасы 7 миң сом.

Курсту ийгиликтүү аяктаган соң Чөйрөнүн долбоорлоруна кошуласынар.

Курсту ким алып барат?

Саламатсыңарбы мекендештер, менин атым Азамат Токтакунов. Бул курстун автору. IT жаатында 15-жылдык тажрыйбам бар, Германияда жашайм. IT-адис (Full Stack Web Developer), Чөйрөнүн негиздөөчүсү, ишкер, подкастчы жана контентчимин.

Массалык маалымат каражаттарында

Акыркы публикациялар

06.12.2023

Жасалма интеллект

Azattyk

12.07.2022

Чөйрө форуму

Azattyk

04.08.2020

Пандемиядагы жардам

Azattyk

22.08.2022

Чөйрө аянтчасы

Караан

20.07.2022

Форумга ревью

Караан

12.04.2022

Санарип билим

Караан

КАТТАЛУУ

Курсту сатып алып, онлайн-сабактарды өз алдынча окуп, тапшырмаларды чөйрөдөн аткаруу зарыл.
Катталуу үчүн mbank аркылуу 7000 сом төлөп, чекти мага жөнөтүңүз.

mbank: 996 501 90 40 43 (Индира Т.)