Бүгүн сиздерге чөйрөдогү Эркин Иш долбоору тууралуу маалымат бере кетейин.
Жогорку окуу жайын, кесиптик лицейлерди же балким курстарды бүткөндөн кийин адис диплому колуңузга тийип, жумуш издеп баштадыңыз. Интернетке кирип IT тармагын карасаңыз, вакансиялар көп жана ошол эле учурда иш издегендердин арасында атаандаштык да аз эмес.
Биз эмгек рыногун анализдеп көрүп, суроо- талаптарды бириктирүүчү акысыз Эркин-Иш долбоорун иштеп чыктык. Платформанын эң негизги максаты – жумуш издөөчүлөр жана жумуш менен камсыз кылуучулар үчүн процесстерди ыңгайлуу жана натыйжалуу кылуу.
✅ Сиздин жүзүңүз бул сиздин туура катасыз толтурулган резюмеңиз, жумуш орду үчүн жазылган мотивациялык катыңыз. Жумуш берүүчүнүн назарын ушул эки кагаз биринчи кезекте бурат. Андыктан ар бир сөзгө маани берип, дыкаттык менен жазыш керек. Биздин долбоордун ичинде адистер, катышуучулар резюмеңизди бекер текшерип, каталарын оңдоп бере алышат.
✅ Бул жерде сиз, биздин мүчөлөр тарабынан бөлүшкөн ар түрдүү резюмелерди жана кызыктуу вакансияларды таба аласыз. Ар бир адам өз жарыясын акысыз түрдө долбоорго жүктөй алат.
✅ Эгерде сизге жаккан жумуш же сиз издеп жаткан адис табылса, долбоор ичинен чыкпастан, ортомчусуз түз байланыша аласыз.
✅ Эркин-Иш долбоорунда сиз, жумуш берүүчү болсоңуз, дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун мекендештерибизди IT тармагында ишке тарта аласыз.
✅ Биз бири- бирибизге кол сунуп, чөйрөбүздү билимдүү, кесипкөй, аракетчил адамдар менен байытабыз жана өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө, жакындарыбыздын жаркын келечекте жашоосуна жардам бере алабыз!
Биздин долбоорго шилтеме аркылуу кошулуңуз жана биз менен бирге ийгиликтүү карьера куруп, өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуңуз. Анткени, биргелешкен аракеттер ар дайым эң жакшы натыйжаларды алып келет!
Тапшырма
- Долбоорго кошулуп, вакансиялар менен бөлүшүңүз.
- Резюмеңизди же болбосо LinkedIn/Xing соц. тармактарындагы аккаунтуңуз менен бөлүшүңүз.
- Эркин Иш долбоорун өнүктүрүү боюнча идеяларыңыз болсо, Чөйрөгө жазыңыз.