Сабак 7 of 8
Жүрүп жатат

IT Демилге

1️⃣ Ирээт

Курс окуп, IT тармагында жаңы кесипке ээ болуп, дүйнөдөгү алп гигант компанияларда иштеп же өзүңүздүн жеке бизнесиңизди ачып, өнүктүрөт элем деген оюңуз болсо анда арабызга кош келдиңиз.

Курс окуш үчүн убакыт табыш керек. Берилген теорияны иш жүзүндө аткарып, практика кылбасаңыз эч качан “IT тилин” үйрөнө албайсыз. Биздин курстан сиз убактыңызды туура пайдаланууну, иш-аракеттеринизди пландаштырууну үйрөнөсүз. Биз сизге ойлоруңузду ирээтке келтирүүнү, максаттарыңызды туура коюну жана аларга жетүү үчүн кандай иш аракеттерди жасоону үйрөтөбүз.

2️⃣ IT деген эмне?

Өзүңүз жашап жаткан чөйрөңүздөн IT сөзүн көп угасыз, бирок ал эмне, кантип иштейт, кайда колдонулат, кандай тармактары бар, кайсы багыты сиздин көңүлүңүзгө туура келет, балким биле бербейсиз. Демек сизге бул жөнүндө маалымат керек. Биздин курстан ушул суроолоруңузга жооп ала аласыз. Чет тилин үйрөнгөндөй эле, программалоо тилин үйрөнүү көп эмгекти талап кылат. Биз курста төмөндө тизмедеги жана башка темалар жөнүндө жалпы маалымат беребиз жана практика жүзүндө көнүгүүлөрдү аткарабыз:

  • Дизайн (Miro, Notion, Figma, Adobe Photoshop, Canva)
  • Башкаруу (Trello, GTD, Jira жана Confluance, Долбоор жасоо)
  • Программалоо (Зерокодинг / сайт жасоо, FTP, MySQL, CRM, Salesforce, Хостинг, Доменб DevOps, Backend/ Frontend)
  • Жаңы технологиялар (Криптовалюта, AI)
  • Маркетинг (Жеке бренд, Подкаст, Нетворкинг, Messengers, Жумуш издөө)

Тизмеден сырткары да темаларды, курстун ар жумага бөлүштүрүлгөн расписаниесин бул жерден карап көрсөңүз болот:

3️⃣ Жумуш менен камсыз кылуу

Сизге эң биринчи катасыз резюме түзгөндү жана мотивациялык кат жазганды үйрөтөбүз. Эгер резюмеңиз даяр болсо, текшерип, оңдоочу жерлерге сунуштарыбызды беребиз. Качан сиздин керектүү документтериңиз топтолгондо, вакансияларга жөнөткөндү, интервьюда өзүңүздү алып жүргөндү, суроолорго кантип туура жооп бергенди айтып беребиз.

Андан сырткары сиз резюмеңизди жана мотивациялык катыңызды биздин чөйрөдөгү Эркин Иш долбооруна жайгаштырсаңыз болот. Бул жерден биз кызыктуу жумуш орундары менен бөлүшөбүз. Шилтемелер аркылуу кирип, сиз өзүңүз жумуш берүүчүлөр менен түз байланышканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

4️⃣ Курс кимдер үчүн

Жаңыдан кадам таштагандар:

➡️ Санарип жана IT тармагында көрүнүктүү натыйжаларга тез жетишип, кесипти туура жолдо баштоону каалагандар
➡️ Үй кожейкелери жана балдар менен үйдө отурган апалар, аталар ж.б.
➡️ Кесибин алмаштырууну каалагандар үчүн
➡️ Телефон менен иштеп баштагандар

Студенттер:

▶️ Келечектеги иш берүүчүлөр көнүл бура турган негизги жөндөмдөрдү өнүктүргүсү келгендер ▶️ Тажрыйба топтоону эңсегендер
▶️ Резюмесин туура толтурууну каалагандар
▶️ Сертификат жана сунуш кат күткөндөр

Жаңы адистер жана фрилансерлер:

➡️ Өнүгүүнүн маанилүүлүгүн түшүнгөн, жумуштун сапатын жана кардарлардын санын жогорулатууну каалаган жарандар үчүн.
➡️ Тайм менеджмент же убактысын туура пайдаланууну, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууну эңсегендер
➡️ Пайдалуу, тез чечим кабыл алууну, тапшырмаларды натыйжалу бүтүрүүнү жана келишимдерди түзүүнү үйрөнүүнү каалагандар

Ишкерлер жана жетекчилер:

➡️ Максаттарды туура коюну, команда үчүн тапшырмаларды пландаштырууну, долбоорлорду санариптештирүүнү жана убактысын туура пайдаланууну үйрөнүүнү каалагандар.
➡️Ийгиликтин негизги көндүмдөрүн үйрөнүү аркылуу компанияда өзүнүн баалуулугун көтөрүүнү жана эмоциясын башкара билүүнү каалагандар

5️⃣ Жаш өзгөчөлүгү

Курска биз мектепти аяктагандардан баштап кабыл алабыз, себеби мурунку тажрыйбаларыбызда, биздин программа мектеп окуучулары үчүн бир аз татаалыраак экенин түшүндүк. Кайсы жашка чейин экени чектелүү эмес, жада калса пенсионерлер да кызыкса, үйрөнүп кетсе болот.

IT тармагында карьераңызды күчтөнтүү үчүн керектүү көндүмдөрдү үйрөтөбүз! Биз менен азыркы дүйнөдө ийгиликке жетүүгө зарыл болгон көндүмдөрүн үйрөнүңүз.

Авторлор

Курсту ким алып барат?

Саламатсыздарбы мекендештер, менин атым Азамат Токтакунов. Демилге IT курсунун негизги мугалими. IT жаатында 15 жылдык тажрыйбам бар, Германияда жашайм. Мен чөйрөчү, IT адис, социалдык ишкер, подкастер, блоггер, активист жана контентчи.

  • Келечек жана Чырак IT окутуу долбоорунда ментор
  • Чөйрө долбоорнун кош негиздөөчүсү
  • Веб-студиянын жетекчиси
  • Демилге IT марафонун эки жолу ийгиликтүү өткөрдүм

Социалдык медиа:

facebook.com/azamatagai
instagram.com/azamatkgde
linkedin.com/in/azamat-toktakunov
twitter.com/azamatagai


Саламатсыздарбы! Менин аты-жөнүм Гулира Калыкова. IT Демилге курсунда модератор милдетин аткарам. Кесибим боюнча журналистмин. Түркияда жашайм. Радио алып баруучу, айымдар журналында автор, гезитте корректор болуп эмгектенгем. Подкаст, аудио, видео монтаж, соц. тармакта контент жаратуу менен алектенем.


Мен Айтбаева Үмүт. Чырак долбоорунун бүтүрүүчүсү, Чөйрөчү, ТилБил долбоорунун менеджери,жана балдар жазуучусумун. Manap PRO командасында ийгиликтүү иштеп жатам. Жаз Демилге курсун бүтүрүп, азыркы тапта модератормун.

Курстун баасы

Биринчи айга – 9000 сом
Экинчи айга – 8000 сом
Үчүнчү айга – 7000 сом

Төлөө ыкмалары

mbank: 996 501 90 40 43 (Индира Т.)

IBAN: DE82 1001 1001 2624 3759 21
Azamat Toktakunov

PayPal: paypal.me/azamatagai (azamat@toktakunov.com)

Акция

  • 27-августка чейин катталгандар үчүн 1-ай 7000 сом!
  • 4 киши болуп чогулуп катталсаңыздар, анда 3 кишинин баасын гана төлөйсүздөр.
  • Ай сайын төлөсө болот, эгерде 3 айдыкын бир төлөсөңүз анда 24000сом 20000 сом.

Катталуу үчүн биринчи айдын акысын төлөө зарыл.

  • Пробный сабак болбойт, курска катталып, акча төлөгөн соң, жок дегенде ошол төлөнгөн айды аягына чейин окуу зарыл. Ошон үчүн кайрып берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн эмес.
  • Бөлүп төлөөгө дагы болбойт, акчаңыз жетпей жатса, чогултуп кийинки потокко катышыңыз.
  • Сабак сакталат. Төлөнгөн айга материалдар толук бойдон доступ ачык болот.

Суроолоруңуздар болсо WhatsApp номер (+4915252498724) аркылуу жооп бергенге даярбыз.

Сабак Content
0% Complete 0/1 Steps