Кыргыз Диаспора
- Кыргызстандык мекендештер тарабынан түзүлгөн уюмдар, коомдор жана активдүү адамдар өз эрки менен бириккен онлайн платформа.
- Биздин диаспорабыз жердештер үчүн ар түрдүү маданий иш-чараларды, социалдык жолугушууларды жана билим берүүчү семинарларды уюштурат. Ошондой эле, биз жаңы келген мекендештерге жашоого ыңгайлашуу жана интеграциялоо процессинде жардам беребиз.
- Биздин диаспора – бул сиздин үйүңүздөн алыс жерде сизге колдоо көрсөтүүчү, сиздин маданий жана социалдык баалуулуктарыңызды түшүнүүчү жана баалап билүүчү коомчулук. Биз сизди биздин чоң жана күчтүү диаспорабыздын бир бөлүгү болууга чакырабыз. Биз менен байланышыңыз жана бул коомчулуктун активдүү мүчөсү болуңуз!
Катталуу
Кыргыз диаспора бирикмесине мүчө болуу.
Текшерүүдөн өтүү
Өлкөдө жашаган гана жарандар кошулат.
Группага кошуу
Диаспоранын жабык группасына кошуу.
Контент жаратуу
Аянтчада баарлашуу жана кызматташуу.
- Жалпы аянтча түзүү
- Жалпы максатты аныктоо
- Координациялоо
- Тапшырмаларды аныктоо
- Саясий лобби
- Форумдарды уюштуруу
Биздин мүчөлөр үчүн биригүү жана маалымат алмашуунун негизги борбору катары кызмат кылат.
Бул аянтча, ар бир мүчөнүн баалуу тажрыйбаларын жана билимдерин бөлүшүүгө жана бир-бирине колдоо көрсөтүүгө шарт түзөт. Биздин диаспора, жаңы технологиялык ресурстарды колдонуу менен, мүчөлөрүбүзгө заманбап жана ыңгайлуу коммуникация жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.
Платформа аркылуу биздин коомчулукту бириктирип, алардын өсүшүнө жана күчтөнүшүнө салым кошулат.
Чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары
Дүйнө жүзүндө жашаган кыргызстандык жарандар тарабынан түзүлгөн жана Кыргызстан менен байланышы бар уюмдар, коомдор жана активдүү адамдар ыктыярчылык негизде бириккен платформа.
Жергиликтүү тайпалар
Коомчулуктар, уюмдар, Whatsapp жана Telegram группалар, социалдык тармактар ж.б.
Маалымат
Чет өлкөдөгү жашоо, жумуш, окуу, саламаттыкты сактоо, тил үйрөнүү, үй-бүлөлүк турмуш ж.б.
Жолугушуулар
Форум, конференция, иш-чаралар, концерт, майрам, спорт оюндары, көргөзмө, көркөм тасма ж.б.
Жыйналыш
Саясий лобби, көйгөйлөрдү талкулоо, мамлекеттик органдар менен диалог, курултай, өзгөчө кырдаалдардагы отурум, ашар ж.б.
Мүчө болуу
Биздин диаспора бирикмеси кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, кыргызстандыктардын социалдык жана маданий байланыштарын чыңдоо максатында иш алып барат. Диаспора мүчөсү болуу бекер жана ар бир кыргызстандыктын катышуусу биз үчүн чоң мааниге ээ.
Кыргыз жарандары
Негизги катышуучулар, диаспоранын жүрөгү жана жаны.
Мамлекеттик органдар
Диаспораны колдоонун бекем негизи, мыйзамдашуу.
Официалдуу уюмдар
Коомчулукту бириктирет жана байланышты бекемдейт.
Чөйрө платформасы
Баарлашуу жана ресурстар алмашуу үчүн маанилүү жер.