Автордук онлайн-курс
Кадам сайын максатка жетүүнү үйрөн
Адам узак жолду ар бир кадам менен арытат. Анын сыңарындай алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн адамга арышка окшош адат керек.
Курс жөнүндө
Мен бул курста силерге азыркы дүйнөдө керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берем. Силерге эффективдүү окууну, алган билимди иш жүзүндө колдонууну, иш-аракеттерди пландаштырууну жана күнүмдүк жашоону тартипке салууну үйрөтөм.
Өзгөрүүгө жараша өнүк
Заман болуп көрбөгөндөй темп менен өзгөрүүдө, аны менен бирге ар кандай тармактарда иш берүүчүлөрдүн талаптары да өзгөрүүдө: туруктуулук, ийкемдүүлүк, чыгармачыл ой жүгүртүү жана эмпатия көндүмдөрү биринчи планга чыгууда. Тажрыйбалуу адис катары бул чөйрөгө киргенге колдоо көрсөтөм.
Бул курс кимдер үчүн?
Үйрөнчүктөр
Санарип жана IT тармагында дароо көрүнүктүү натыйжаларга жетишип, кесипке туура кирүүнү каалагандар.
Адистер
Өнүгүүнүн маанилүүлүгүн түшүнгөн жана өндүрүмдүүлүгүн, жумуштун сапатын жана кардарлардын санын жогорулатууну каалаган адистер.
Ишкерлер
Максаттарды туура коюуну, команда үчүн тапшырмаларды пландаштырууну, долбоорлорду санариптештирүүнү жана убактысын туура бөлүштүрүүнү каалагандар.
Студенттер
Келечектеги иш берүүчүлөр көңүл бура турган негизги жөндөмдөрүн өнүктүрүү, аны менен бирге тажрыйба топтоп, резюмесин толуктагысы келгендер.
Фрилансерлер
Ким өз убактысын башкарууну, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну, тезирээк чечим кабыл алууну, тапшырмаларды натыйжалуу бүтүрүүнү жана келишимдерди түзүүнү каалагандар.
Жетекчилер
Ийгиликтин негизги көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу компанияда өзүнүн баалуулугун, натыйжасын жана жоопкерчилигин жогорулатуунун каалагандар.
Жумуш жана долбоор
Бул курста силерге код жазууну эмес, IT ааламында ориентация алууну, өз жөндөмүңөргө жараша долбоор жаратууну, идеяңарды ийгиликтүү жана кирешелүү ишке ашырууну үйрөнөсүңөр. Бул контекстте мен силерди кыска убакыттын ичинде жаңы технологиялар, өзгөчө аспаптар жана эң көп суралган жөндөмдөр менен тааныштырам.
Программа
Менин курсум өз алдынча окууга артыкчылык берет. Ошондуктан курсума жазылгандар алгач төмөндөгү онлайн-сабактарды өз алдынча өздөштүрүүсү зарыл. Андан соң долбоорлорго катышууга же өз алдынча иш жаратууга мүмкүнчүлүк берилет.
- Кантип үйрөнүү керек?
- Критикалык ой жүгүртүү
- Эмоциялык күйүп кетүү
- Өзүн-өзү уюштуруу жөндөмдөрү
- Креативдүүлүк жөндөмдөр
- Стресске чыдамдуулук
- Уюштуруу жөндөмдөрү
- Идеяны текшерүү жана аудитория менен иштөө
- Идеяны ишке ашыруу
- Команда чогултуу
- Жумуш издөө
- Фриланс
- Жеке бренд түзүү
- Аудитория менен иштөө
- GTD иштерди бүтүрүү
- Подкаст
- Питчинг
- ITдеги тартип
- Кайдзен пландаштыруу
- Agile методологиясы
- Элдин алдында сүйлөө
Курстун баасы 7 миң сом.
Курсту ийгиликтүү аяктаган соң Чөйрөнүн долбоорлоруна кошуласынар.
Курсту ким алып барат?
Массалык маалымат каражаттарында
Акыркы публикациялар
06.12.2023
Жасалма интеллект
Azattyk
12.07.2022
Чөйрө форуму
Azattyk
04.08.2020
Пандемиядагы жардам
Azattyk
22.08.2022
Чөйрө аянтчасы
Караан
20.07.2022
Форумга ревью
Караан
12.04.2022
Санарип билим
Караан
Курсту сатып алып, онлайн-сабактарды өз алдынча окуп, тапшырмаларды чөйрөдөн аткаруу зарыл.
Катталуу үчүн mbank аркылуу 7000 сом төлөп, чекти мага жөнөтүңүз.